"Техникалык илимдин Кыргызстанда өнүгүшү машина куруу, тоо өнөр жайынын башталышы менен байланыштуу. 50-60-жылдары өлкө аймагында тоо кендери ачылып, аны менен катар эле изилдөө, казуу иштери башталган. Ошондон кийин машина куруу, автоматташтыруу тармактары боюнча адистер Россиядан бизге келе баштаган. Алардын жанында кыргыздар чогуу жүрүп үйрөнүшкөн. 60-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын базасында Автоматташтыруу институту түптөлүп, илимий иштерге көңүл бурулган. Кийин союз тарап, техникалык илимдер көз жаздымда калды. Академиянын аспаптык базасы да толук болбой, көп маселелер ошол бойдон аткарылган жок. Ал эми Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда ЕЭКтин алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлүп, кызматташуу башталган. Биримдиктин алкагында илимди интеграциялоо көп жагынан бизге пайда алып келет. Анткени Кыргызстан чакан өлкө. Уюмга мүчө мамлекеттер бул тармакты жакшыртуу үчүн тоскоолдуктарды жоюп, мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтириши керек", — деди Жуматаев.