Министр: ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугунун кепилдиги болуп бере алат

Слепневдун айтымында, үчүнчү өлкөлөргө жасалган экспорттун көлөмү туруктуу өсүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. ЕАЭБ өзүнүн калкы үчүн гана эмес, башка мамлекеттерге дагы азык-түлүк коопсуздугунун кепилдиги болуп бере алат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.
Ал "Чыгыш экономикасы — 2023" форумунун алкагында өтүп жаткан "Евразиялык агроэкспресс. Азия-Тынч океан регионунда соода жүгүртүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү" аттуу сессияда сөз сүйлөдү.
Министрдин айтымында, соңку 20 жыл ичинде Евразия аймагында, тагыраагы, Евразия экономикалык бирикмеси менен Борбор Азиянын өнөктөштөрүнүн азык-түлүк боюнча соода жүгүртүүсү 8,5 эсеге өсүп, 15 миллиард доллардан ашкан. Эксперттердин баасы боюнча, 2035-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү дагы эки эсеге өсүшү мүмкүн.
Слепневдун айтымында, үчүнчү өлкөлөргө жасалган экспорттун көлөмү дагы туруктуу өсүп жатат. COVID-19га чейинки 2019-жылды алсак, 15 пайыздык өсүштү көрүүгө болот: ЕАЭБден тыш аймактарга айыл чарба өндүрүштүк продукциялары 34 миллиард долларга жеткирилген.
Министр Азия-Тынч океан аймагына кеткен агым дагы көбөйгөнүн белгиледи. Салтка айланган номенклатура баарына белгилүү: май, соя буурчагы. Мындан тышкары, жаңы продукциялар дагы пайда болду. Алар: эт азыктары, тоок, кондитердик азыктар, ич эт.
"ЕАЭБ аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүү туруктуу өсүп жатат. Башкача айтканда, биздин бирикме өзүнүн калкы үчүн гана эмес, башка мамлекеттерге дагы азык-түлүк коопсуздугунун кепилдиги болуп бере алат. Бирок биз бул тууралуу туруктуу логистика болгондо гана айта алабыз", — деди ал.
Буга байланыштуу ЕЭК министри чек арадан өткөрүү эффективдүүлүгүн, товарлардын кыймылын көзөмөлдөө жана санариптештирүү маселелерин талкуулоону сунуштады.
Радио
Кожошев: энергетикалык бирдиктүү рынок ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баарына пайдалуу