БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кол менен санап чыккан система АСУнун (автоматтык саноочу урна) жыйынтыгын бекемдеп, Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Кубанычбек Самаков болуп калды. Бул тууралуу БШКнын порталындагы маалыматтардан көрүүгө болот.
Ал арада добуш берүүдө үчүнчү орунга ээ болгон талапкер Аскар Алмаз уулу шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирди. Анын айтымына караганда, добуштарды сатып алуу фактысы кездешкен, мыйзам бузуулар болгон.
Алмаз уулу президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, шайлоо таза өткөн жок деген билдирүүсүн жасады.
Экинчи орунду ээлеген Русланбек Тагаев да шайлоонун жыйынтыгына ичи чыкпагандыгын, бул саясий өнөктүккө тартип коргоо органдары өз баасын берет деген ишенимде экендигин айткан.
Башка дагы бир талапкер Ыргал Кадыралиева да "бир топ мыйзам бузуулар" болгондуктан шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирип, Садыр Жапаровдун таза шайлоо өткөрүү талабы аткарылбагандыгын айтты.
Эске салсак, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо АСУдан алынган маалымат боюнча Кубанычбек Самаков жеңип чыккан.