Кош бойлуулуктун 12-аптасына чейин каттоого туруунун зарылдыгы. Түшүндүрмө

Өнөкөт, жугуштуу жана тубаса оорулардан, туура эмес тамактануудан жана кош бойлуу аялдын зыяндуу адаттарынан улам түрдүү жагымсыз абал жаралышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги аял кош бойлуулуктун 12-аптасына чейин каттоого турушу керектигин эскертип, маанисин түшүндүрдү.
Мекеменин билдирмесине ылайык, кош бойлуулуктун 12-жумасына чейин түйүлдүктүн органдары калыптанат жана аялдын ден соолугундагы кичинекей эле терс өзгөрүүлөр төрөлө элек балага чоң зыян алып келиши мүмкүн.
"Өнөкөт, жугуштуу жана тубаса оорулардан, туура эмес тамактануудан жана кош бойлуу аялдын зыяндуу адаттарынан улам түрдүү жагымсыз абал жаралышы мүмкүн. Мисалы, айрымдар баланы оор көтөрсө, кээ биринде түйүлдүк боюнан түшүп калат, кээде курсактагы бала чоңойбойт же оорулуу болуп төрөлүшү ыктымал. Ошондуктан кош бойлуулуктун алгачкы айларынан тартып дарыгердин көзөмөлүндө болуп, анын кеңештерин аткаруу зарыл", — дешет адистер.
Кош бойлуулуктун алгачкы белгилери: айыздын кечигүүсү, жүрөк айлануу, кусуу, табиттин өзгөрүшү, ачуу жана кычкыл азыктарга тартылуу, кыжырдануу, уйкусуроо жана башка. Мындайда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, кош бойлуулукту аныктоо сунушталат. Эгерде аял кош бойлуу болсо дарыгер анын атайын картасын толтуруп, ден соолугу тууралуу бардык маалыматтарды топтойт. Кан басымын өлчөйт жана тиешелүү бир катар анализдерди тапшырууга багыт берет. Мындан тышкары, түйүлдүктү жабдык менен текшерип, өсүү нормасын байкайт.
Баланы пландоо маанилүү. Медиктер жаш жубайларга кайрылды