Мэр: шаардыктардын көбү автобустар үчүн сары тилке идеясын колдоду

Калаа башчысы буга чейин мындай реформанын максаты калкты коомдук транспортко отургузуу экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11 сен — Sputnik. Бишкектиктердин көпчүлүгү мэриянын коомдук транспорт үчүн чийдирген сары тилке идеясын колдоду. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров УТРКнын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 55 пайызы сары тилкени колдосо, 41 пайызы каршы чыккан. Калаа башчысы сурамжылоо кандайча жүргүзүлгөнү боюнча айткан жок.
Абдыкадыров жол тыгын көгөйүнө илимий көз караш керектигин белгиледи. Ошондуктан мэриянын адистери Кореянын, Япониянын, Москванын, Астананын жана Ташкенттин тажрыйбасы менен таанышып келишкен.
"Реформаны канчалык эрте баштасак, тыгындан ошончолук эрте арылабыз. Биз учурда электромобилдерге коомдук транспорттун линиясы менен жүрүүгө уруксат берүүнү пландап жатабыз. Лицензия алган таксисттер дагы ушул тилке менен жүрүшү мүмкүн. Бул нерсе жол тыгынды жоюуга жардам берип, тартип сакталат", — деди ал.
Эске салсак, Түштүк магистралдын 12-кичи райондон Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке чийилди. Мындан улам жеңил унаанын айдоочулары үчүн тыгын жаралды.
Калаа башчысы буга чейин мындай реформанын максаты калкты коомдук транспортко отургузуу экенин айткан.
Түштүк магистралда жол эрежесин кантип сактоо керектиги тууралуу видео.
Бишкекте линиядан алынат деген маршруткалар азырынча каттап турмай болду