Алматыда түрк мамлекеттеринин катышуусу менен машыгуу өтүүдө. Сүрөт

Авариялык кызматтар катуу жер титирөө болгон шартта кандай иштеш керектигин машыгуу шарттарында аткарышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Алматы шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун катышуусунда "Жер-2023" деп аталган эки күндүк машыгуу өтүп жаткандыгын Sputnik Казакстан жазды.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда.
Авариялык кызматтар катуу жер титирөө болгон шартта кандай иштеш керектигин Алматы шаарында машыгуу шарттарында аткарышты.
1 / 3

Алматы шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун катышуусунда "Жер-2023" деп аталган эки күндүк машыгуу өтүп жаткандыгын Sputnik Казакстан жазды

2 / 3

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда

3 / 3

Авариялык кызматтар катуу жер титирөө болгон шартта кандай иштеш керектигин Алматы шаарында машыгуу шарттарында аткарышты

Машыгуунун негизги максаты — калкты даярдоо жана түшүндүрүү, жалпы коопсуздук маданиятын калыптандыруу, ошондой эле жарандык коргонуу күчтөрүнүн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга даярдыгын жогорулатуу экенин белгилешти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сейсмикалык машыгуунун жүрүшүндө тургундар зилзала учурундагы жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүшөрүн айтышты. Кээ бир элементтерди, мисалы, коопсуз жерлерди аныктоо, жабыркаган калкты кабыл алуу жайларына чогултуу жана башкаларды практикалык жактан машыктыруу экенин кошумчалашты.
Казакстанда КМШ өлкөлөрүнүн Абадан коргонуу системаларынын машыгуусу өтүүдө