Өзбекстан жараны арызданып, Ала-Букада жайыт комитетинин башчысы кармалды. Сүрөт

Көк-таштык адис пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абаддагы тергөө абагына киргизилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Чет элдик жарандын арызы менен Ала-Бука районунун (Жалал-Абад облусу) Көк-Таш айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетине Өзбекстандын жараны кайрылган.
1 / 2

Чет элдик жарандын арызы менен Ала-Бука районунун (Жалал-Абад облусу) Көк-Таш айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы акча талап кылууга шектелип кармалды.

2 / 2

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетине Өзбекстандын жараны кайрылган.

"Өзбекстандын жарандарына таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын Жайыт комитетинин К.у.К. аттуу төрагасына карата чара көрүү боюнча өзбекстандык жаран кайрылган", — деп айтылат маалыматта.
Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун ("Опузалап талап кылуу") негизинде иш козголгон.
УКМК ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.у.К. талап кылынган акчанын бир бөлүгүн, 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалып, атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө жайына эки айга киргизилгенин билдирди.
Ала-Букада прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды. Сүрөт