Акыркы 10 жылдагы эң чоң алмаз ташы Россияда табылды

Табылга салмагы, формасы, түсү боюнча уникалдуу айкалышта экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Акыркы он жылдагы эң чоң алмаз таш Якутиядан казып алынды. Бул тууралуу кен казган АЛРОСА тобу маалымдаган.
Кен казган компаниянын АЛРОСА тобу мындай табылганы Саха Республикасынын Анабарск районундагы Маят алмаз кенинен тапкан.
"Алмаздын салмагы 390,7 карат. Ал өзгөчө формада жана ачык түстө. Четтери сары-күрөң тартып турат. Бул бүгүнкү күндүн салмагы, формасы, түсү боюнча уникалдуу айкалыштагы табылгасы болду", — дешкен компаниядан.
Кен казгандар муну менен катар ошол эле күнү 37,7 карат салмактагы түссүз дагы бир алмаз ташы табылганын билдиришкен.
Буга чейин эң чоң деп эсептелген 401 караттык алмаз ташы 2013-жылы табылган. Маалыматта учурда кристаллдар эксперттик баа берүүгө жөнөтүлгөндүгү кошумчаланды.
Анголада дүйнөдөгү эң чоң күлгүн түстөгү алмаз ташы табылды. Видео