Турнирдин негизги бөлүгүндө орто салмак арасындагы рейтингде бешинчи орунда турган Шон Стриклэнд UFC чемпиону Исраэль Адесаньяны сенсациялуу түрдө жеңип, чемпион наамына ээ болду. Мушташ үч раундда өтүп, Стриклэнд калыстардын жалпы добушунун негизинде жеңишке жетти.
Ал эми Адесанья ушуну менен үчүнчү ирет жеңилүү ызасын тартты. Ал спорттук карьерасында жалпы 27 жолу рингде күч сынашкан.
Турнирдин дагы бир бөлүгүндө россиялык Александр Волков австралиялык спортчу Тай Туивасты укмуштуудай муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.
Тема боюнча: