Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарова менен добуш берди. Сүрөт

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 24 талапкер катышууда. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулду.
Шайлоо боюнча суроолорго жооп берчү 1255 кыска номери иштеп жатат.
БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок ал добуштарды сатып алууга шектелип, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо башталды