Президент "Акылман" лицейине барып, окуучулардын баарына планшет берди. Сүрөт

Өлкө башчы окуучулар менен окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек тууралуу маектешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын президенттик "Акылман" лицейине пландан тышкары барганын анын маалымат кызматы билдирди.
Кабарда өлкө башчы окуучулар менен окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек тууралуу маектешкени айтылат. Ошондой эле Жапаров мотивация катары ар бир балага өзүнүн атынан планшет тартуулады.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын президенттик "Акылман" лицейине пландан тышкары барганын анын маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Кабарда өлкө башчы окуучулар менен окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек тууралуу маектешкени айтылат

3 / 3

Ошондой эле Жапаров мотивация катары ар бир балага өзүнүн атынан планшет тартуулады

"Мамлекет башчысы мындан ары окуунун жүрүшүндө алынган билим өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн багытталышы керектигин белгиледи", — деди маалымат кызматы.
Мыйзамсыз иштерге барган. Жапаров Профсоюздар федерациясын катуу сындады