АСУ жыйынтыгы: Ленин округундагы шайлоодо Кубанычбек Самаков жеңишке жетти

Шайлоодо 24 талапкер ат салышты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо Кубанычбек Самаков жеңип чыкты. Бул — автоматтык эсептөөчү урналардан алынган маалымат (добуштардын 100 пайызы эсептелди).
Кубанычбек Самаков
Ушу тапта 51 участоктун баарынан АСУ маалыматтары келип түштү. Ленин району боюнча 127 239 шайлоочунун 20 169у добуш берген.
Тизменин алдыңкы үч сабы төмөнкүдөй:
1.
Кубанычбек Самаков — 5 273 (26,14%);
2.
Русланбек Тагаев — 3 831 (18,99%);
3.
Аскар Алмаз уулу — 2 630 (13,04%).
Кубаныбек Самаков 39 жашта. Кыргыз-Россия Славян университетинде окуган.
Ал курулуш компаниясынын, ошондой эле нефтини кайра иштетүү боюнча адистешкен компаниянын жетекчиси кызматын ээлейт. Экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу.
БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок ал добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарова менен добуш берди. Сүрөт