БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрында Иван Буниндин калемине таандык "Караңгы аллеялар" спектакли коюлду. Ал "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалынын алкагында тартууланды.
Спектаклди Вячеслав Виттих, Филипп Хитров, Нелли Плешакова жана КР эмгек сиңирген артисти Галина Кетова — төрт режиссёр даярдаган.
"Ар бири Буниндин бир нече чыгармасына жан киргизди. Жыйынтыгында сюжеттин негизги мотиви сүйүү болгон өзгөчө альманах жаралды. Драматург Артем Бруно жазуучунун чыгармаларынын мотиви боюнча атайын биздин театр үчүн пьеса жазды", — дешти Орус драма театрынын өкүлдөрү.
Кимдир бирөө ашыгын жоготуп кайгырса, дагы бирөө бактысын кайтарып алуу үмүтү менен жашайт, дагы бирөө өзүнүн көңүлү көксөгөн адамын жаңы гана табат. Сүйүү баянына толгон мындай окуялар спектакль коюлган эки саат ичинде көрүүчүлөргө тартууланды.
"Караңгы аллеялар" — адамдарды өзгөртүүгө, кээде тагдырларды бузууга түрткү болгон сезимдин күчү тууралуу пьеса.
Спектаклдин алдында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко көрүүчүлөргө кайрылып, фестиваль боюнча сөз сүйлөдү.
Кыргызстанда "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалы өтүүдө. Ал 8-сентябрда башталган, 16-сентябрга чейин уланат. Аны "Чет жердеги орус мурасы" фонду Россия ТИМи жана Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Фестивалдын максаты — эки өлкөнү бириктирген руханий жана материалдык мурастар, маданияттардын диалогу тууралуу баяндоо. Анын алкагында лекциялар, коомдук талкуулар, концерттер, көргөзмөлөр пландалган.