Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган документтерди тизмектеди.
Айта кетсек, 8-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У менен жолуккан. Анын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын корпоративдик кызматташуусу боюнча конференция өттү.
Иш-чараны Акылбек Жапаров жана Линь У ачып, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилешкен.
1 / 3

Президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган документтерди тизмектеди

2 / 3

Айта кетсек, 8-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У менен жолуккан

3 / 3

Анын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын корпоративдик кызматташуусу боюнча конференция өттү

Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлду:
Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын достук мамилесин түзүү жөнүндө келишим;
Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын Өнөр жай жана маалымат департаменти ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө меморандум;
Ысык-Ата району менен Ляочэн шаарынын ортосунда достук мамилени түзүү жөнүндө келишим;
Кант шаары менен Шэнь уезди ортосунда достук мамилени түзүү жөнүндө келишим;
Новопакровка айылы менен Дунъэ уэздинин ортосунда достук мамилени түзүү жөнүндө келишим;
Чүй облусуна Шаньдун провинциясынын Ляочэн шаарындагы Шэнь уэздинин заманбап айыл чарба илими жана техникасы демонстративдик паркын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү келишим.
Агенттиктин билдирмесине ылайык, конференциянын экинчи бөлүгүндө тараптар келечектүү долбоорлорду талкуулап, В2В форматындагы жолугушуу өткөрүлгөн. Анда эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү кызматташуу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүшкөн.
Радио
Быйыл I кварталда Россиядан 44 млн. 760 миң доллар инвестиция кирди