БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
10-16-сентябрга чейинки божомолго ылайык, Кыргызстанда күн ачык болуп, айрым жерлерде күн күркүрөп, жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт.
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 11-сентябрда күндүз жана 12-сентябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй
Жуманын башында жана ортосунда күн ачык болот, айрым жердерде түнкүсүн жаан-чачын болушу мүмкүн. Ал эми 16-сентябрда кээ бир жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. 11-сентябрда күн +35-37 градуска чейин ысыйт, калган күндөрү температура ылдыйлайт.
Талас
Аймакта 11-13-15-сентябрда күндүн көзү бузулбайт. Калган убактарда айрым жерлерде жамгыр себелейт. Күндүн табы 11-сентябрда +32 градуска чейин жетип, андан кийин +24 градуска түшөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Түштүк аймактарында дагы күн ачык болушу күтүлүүдө. Жуманын башында — 11-12-сентябрда жаан жаабайт. Калган күндөрү күндүзү же түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Маселен, 11-сентябрда Ошто күн +38 градуска чейин, Жалал-Абадда +37 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көл, Нарын
Аймактарда 10-12-13-сентябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. 11-сентябрда күн ачык болот. Ал эми 16-сентябрда айрым жерлерде жаан жаайт.