Көөнө Сөз

Манасчы "үп" деген сөздүн дагы бир маанисин айтып берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Үп" деген сөз эпосто буюм, мүлк катары колдонулган учурлар кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздүн дагы бир мааниси учурда кеңири колдонулууда.
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков
"Көөнө сөздөрдүн арасында "үп" деген кездешет. Аны менен көпчүлүк күндүн ысып, дем жетпей калган учурун сүрөттөйт. Башкача айтканда, ысык температурадан улам думуктурган аба деп түшүнүү керек. Бирок бул сөздүн дагы бир мааниси бар, аны соңку убактарда колдонгондор чанда. Бул сөздүн экинчи мааниси баалуу буюм, мүлк, окуяга жараша үй мүлкү катары колдонулган учурлар кездешет", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү кийинки муундарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.