Радио

Кожошев: энергетикалык бирдиктүү рынок ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баарына пайдалуу

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Кыргызстан ЕАЭБдин энергорыногунда өзөктүү өлкө боло аларын айтты.
Sputnik
Евразиялык экономикалык биримдик 2025-жылдан тарта бирдиктүү энергорыногун түзүүнү пландаган. Бул багытта учурда иштер аткарылып жатат. Азыр чарбалык субъектилер бири-бири менен байланышып иш алып баруусу үчүн рынок шартындагы атаандаштыкка чыгуусун камсыздашыбыз керек. Энергетика тармагы мамлекеттен көз карандысыздык алып чарбалык субъектилерге толугу менен өтсө, анын баа саясаты да жөнгө салынуусу зарыл. Бул биримдиктин ичиндеги сатып жаткан жана алып жаткан эки мамлекеттин ортосундагы баа саясатында чоң ажырымга алып келбөө менен түзүлүшү абзел экенин Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, бирдиктүү энергорынокту түзүү багытында биримдикке мүчө беш мамлекеттин ортосунда келишим кабыл алынды. Андан сырткары, кечиктирилгис келишимдердин алкагында алып-сатуу жүргүзүлүүчү аянтчалар түзүлүп, эрежелер бекитилди.
"Учурда энергетикалык коопсуздук бир эле ЕАЭБдин алкагында эмес, дүйнө жүзү боюнча олуттуу маселеге айланып турат. Андыктан биримдикте бирдиктүү энергорыноктун түзүлүшү мүчө болгон беш мамлекетке тең жагымдуу шарттарды түзөт. Негизги максаты — ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин калкын электр энергиясы менен камсыздоодо таңсыктыктардын алдын алуу, андан соң үчүнчү мамлекеттерге сатуу. Азыр көйгөйлөр жок эмес. Энергетика тармагындагы жабдуулардын эскилиги, жетишсиздиги Кыргызстан менен Казакстанда байкалат, ал эми Россия менен Беларуста, тескерисинче, продукция ашыкча өндүрүлөт. Мына ушуну жолго салып, электр энергиясын биримдиктин бардык өлкөлөрүнө жагымдуу баада сатуу-алуу аталган рыноктун приоритеттүү багытарынын бири. Бирдиктүү рынокто Кыргызстан келечекте гидроэнергетика боюнча өзөктүү өлкөгө айлана алат. Анткени потенциалы жогору. Өлкөнүн жылына 140 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, тилекке каршы, учурда анын 13-14 пайызын гана өндүрүп жатат", — деди Кожошев.
Ал бирдиктүү энергорыноктун түзүлүшү менен ЕАЭБ үчүнчү мамлекеттерге да электр энергиясын экспорттой аларын кошумчалады.