Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңешке шайлоо аяктады

Бир нече мүнөттөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болот (автоматтык түрдө санаган урналардын маалыматы боюнча).
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округуна Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо үчүн шайлоо участкалары жабылды.
Ага 24 талапкер катышты. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулган. Бир нече мүнөттөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болот.
Май айындагыдай азыркы шайлоого катышуу абдан төмөн болду — болгону 12 пайыздын тегереги. Саат 18:00гө карата Ленин районунун шайлоо укугуна ээ болгон 127 239 тургунунун 15 947си гана добуш берген.
БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок ал добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо башталды