Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо башталды

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүгүн Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо башталды.
Ага 24 талапкер катышууда. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулду, аларды Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан билүүгө болот.
БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок ал добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Ленин округу боюнча кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 13,2 млн. сом сарпталат