Балыкчыда октябрда өтө турган ЖККУ машыгуусуна даярдыктар текшерилди

Жакында эле мындай машыгуу Беларуста өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Коргоо министринин биринчи орун басары — Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Эрлис Тердикбаев ЖККУнун " Нерушимое братство — 2023" аттуу машыгуусуна даярдыктарды текшерди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Коргоо министринин биринчи орун басары — Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Эрлис Тердикбаев ЖККУнун " Нерушимое братство — 2023" аттуу машыгуусуна даярдыктарды текшерди.

2 / 5

Аталган машыгуу октябрь айында Балыкчыда болору белгиленген.

3 / 5

Анда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин Тынчтык орнотуучу күчтөрү бирикмекчи.

4 / 5

Тердикбаев текшерүүнүн жыйынтыгында эл аралык машыгууну тийиштүү деңгээлде өткөрүү үчүн бир катар тапшырмаларды берген.

5 / 5

Кечээ жакында эле Беларуста ЖККУнун масштабдуу машыгуусу аяктап, анда кыргызстандыктар да сыйланган.

Аталган машыгуу октябрь айында Балыкчыда болору белгиленген. Анда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин Тынчтык орнотуучу күчтөрү бирикмекчи.
Тердикбаев текшерүүнүн жыйынтыгында эл аралык машыгууну тийиштүү деңгээлде өткөрүү үчүн бир катар тапшырмаларды берген.
Кечээ жакында эле Беларуста ЖККУнун масштабдуу машыгуусу аяктап, анда кыргызстандыктар да сыйланган.
ШКУ өлкөлөрү Кытайда 2024-жылы биргелешкен машыгуу өткөрөт