Баланы пландоо маанилүү. Медиктер жаш жубайларга кайрылды

Адистердин айтымында, жаңы үйлөнгөн жубайлар арасында балалуу болуу учурун пландап, дарыгерлерге кайрылып, медициналык текшерүүдөн өткөндөр аз.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору жаш жубайларга кайрылып, балалуу болууну пландоонун маанилүүлүгүн түшүндүрдү.
Адистердин айтымында, жаш жубайлар көбүнчө балалуу болууну пландашпайт.
"Жаңыдан баш кошкон жубайлар арасында ата-эне болууга атайын камынып, дарыгерлерге кайрылып, медициналык кароодон өткөндөрү өтө аз. Медициналык кароодон болочок эне гана өтүшү керек, атанын тиешеси жок деген жаңылыш пикир бар. Атанын саламаттыгы да балага түздөн-түз таасир берет", — дешти борбордон.
Дарыгерлер белгилешкендей, кош бойлуулукту пландаштыруу – бул жубайлардын дени сак балалуу болууга даярдануусу.
"Келечектеги ата-эненин ден соолугу канчалык чың болсо, кош бойлуулук процессинин нормалдуу жүрүшү жана дени сак балалуу болуу ыктымалдуулугу ошончолук жогору болот. Жубайлар адегенде балалуу болуу чечимин кабыл алып, андан кийин саламаттыгын текшерүүдөн өткөрүп, дарыгер зарыл деген аракеттерди жасашат", — деп айтылат борбордун маалыматында.
Адистер ошондой эле пландалган кош бойлуулукту алдын алуу үчүн контрацепция ыкмасын колдонууну сунуштаган. Мындан тышкары, түгөйлөрдүн план менен балалуу болушу төрөттүн ортосундагы интервалдарды сактоого жардам берерин эскерткен.
Аял менен эркектин төшөк мамилесин жакшырта турган азыктар аталды