Улуттук банк августта 35,9 млн. доллар сатты. Резервге тийгизген таасири

Июлдун аягында резерв 2 миллиард 537,2 миллион долларга бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын август айында Улуттук банктын эл аралык валюталык (алтын-валюта) резерви 8,1 миллион долларга өстү.
Улуттук банктын резервдери:
июлдун этегине карата — 2 миллиард 529 миллион 140 миң доллар;
августтун аягына карата — 2 миллиард 537 миллион 210 миң доллар.
Июль айында өлкөнүн башкы банкы 35,9 миллион доллар саткан. Миллиондогон интервенцияга карабастан алтын-валюта резервинин өскөн себеби айтылган эмес.
Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун колдоо үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.
Лавров: быйыл ЕАЭБ ичиндеги соодада улуттук валютанын үлүшү 90%ды түзөт