Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украиналыктардын өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнө болгон ишеними азаюуда

Баяндамачы украиналыктар майданда армиянын ийгилиги болбосо батыштык өнөктөштөрү өлкөнү ар тараптан колдоону токтоторунан кооптонуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрүнө болгон өзүнүн элинин ишеними азайып бара жаткандыгын Berliner Morgenpost басылмасынын баяндамачысы Ян Йесен жазгандыгын РИА Новости кабарлады.
“Акыркы айлардагы оптимизм көп жерден кооптонуу коштогон жагдайларга орун бошотту. Талкууларда бир нече жолу айтылып келген кооптонуу — эгерде стабилдүү жана ачык көрүнүп турган аскердик ийгиликтер болбосо, Батыш өнөктөштөрүнүн колдоосу азаят. Тез арада болчу жеңишке болгон үмүт өчө баштайт”, — деп айтылган материалда.
Материалдын автору украиналыктардын дымагына жакындап келе жаткан кыш өзүнүн таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
Йесендин айтымында, алар Россиянын чабуулдарынан кайрадан караңгылык менен суукта калуудан кооптонууда. Материалда украиналык коом Батыштын бир катар мамлекеттеринин Украинанын Куралдуу күчтөрү сураган куралдарын бербей жаткан “чечкинсиздигине” түшүнбөй жатканы белгиленген.
Украина 4-июнда Түштүк Донецк, Артемск, Запорожье багыттарына НАТО даярдаган аскерлер менен чет элдик куралдарды салып контрчабуулун баштаган. Президент Владимир Путин каршылаш тарап белгиленген жыйынтыкка жете албай, ал эми буга контрчабуулдун жүрүшүнө Батыш кураторлорунун көңүлү сууганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путиндин контрчабуул боюнча айтканы АКШны дүрбөлөңгө түшүрдү