БИШКЕК, 9 сен — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы жаратылыш ресурстар министри Динара Кутманова менен оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров ден соолугу начарлап жатканын айтышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады.
8-сентябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында кармалгандарга мониторинг кылышкан. Кутманова жүрөк кемтиги бар экенин, тезирээк клапандарын алмаштырышы керектигин айткан. Мадумаров II типтеги кант диабети менен жабыркап, электрокардиостимулятор менен жүрөрүн билдирген.
Мындан сырткары, кызматкерлер УКМКнын абагында 16 киши ашыкча экенин билдиришкен (мекеме 60 кишиге ылайыкталган). Фельдшери эмгек өргүүгө чыгып кеткен. Омбудсмен институту абактын жетекчилигин кармалгандардын укугун камсыздоого чакырды.
Кутманова ири коррупциялык схеманы түзгөнгө айыпталууда. УКМК "Кумтөр" экологиялык долбоорлорго 1 миллиард сом бөлгөнүн билдирген.
Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.