Тоодогу турмуш. Суусамыр өрөөнүнүн кооздугун чагылдырган сүрөттөр

Фотограф Владислав Ногай Суусамыр өрөөнүнүн жаратылышын тартып келди. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн Төө-Ашуу аймагындагы ирмемдерди да көрүүгө болот.
Sputnik
Суусамыр өрөөнүнө жетүү үчүн деңиз деңгээлинен 3 500 метр бийиктиктеги Төө-Ашуудан өтүү керек. Ашуудан анча алыс эмес жерде Сулуу-Төр көлү жайгашкан.
Адатта Суусамырга күн жылыганда эл жайлаганы чыгып кетет же мал киндиктүү бул жерге колундагы кой-эчкилерин, жылкы-уйларын бактырат.
1 / 12

Суусамыр өрөөнүнө бара жаткандагы Төө-Ашуунун көрүнүшү

2 / 12

Көлбаев атындагы тоннель 3 500 метр бийиктикте жайгашкан

3 / 12

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет

4 / 12

Малдын трассага чыгып кеткени кадимки көрүнүштөй...

5 / 12

Адатта Суусамырга күн жылыганда эл жайлоолоп чыгып кетет

6 / 12

Жыйналган боз үй, аны жазса эле чоң бөлмөгө айланат

7 / 12

Сулуу-Төр көлүндө оттогон жылкылар

8 / 12

Бээ сааган улан...

9 / 12

Тоонун турмушу оңой эмес.... Кымыз сүзүп жаткан аял

10 / 12

Суусамыр өрөөнүндөгү Төө-Ашуу ашуусунун түштүк тарабы

11 / 12

Колго жасалган курутка эмне жетсин!

12 / 12

Бул өзүнчө бизнес. Жайлоодогулар курут, майын минтип жолдон өткөндөргө сатышат.

Тема боюнча:
Жайдары маанай, түркүн түскө боёлгон жаштар. Боёк фестивалынан сүрөттөр