Чуу түшкөн эл.... Мароккодо 300дөй киши жер титирөөдөн көз жумду. Видео

Жер титирөөнүн күчү 6,9 баллга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мароккодо 300дөй киши жер титирөөнүн курмандыгы болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жаратылыш кырсыгынан кеминде дагы 153 киши жабыркаганы айтылды.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө Марракеш шаарынан 80 чакырым алыстыкта болгон. Андан кийин дагы 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллдык силкинүүлөр катталган.
Сейсмолог Түркия ири зилзала болчу этапка кирип баратканын эскертти