Фрунзеде ишке ашкан СССРдин жашыруун долбоору. Окумуштуу Жуматаевдин видеомаеги

Мындан 47 жыл мурун кыргызстандык илимпоздор советтик кесиптештери менен биргеликте Айды изилдөө иштерине жигердүү катышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы тарыхый окуянын катышуучусу, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев менен маек курду.
Sputnik
Өткөн кылымдын 60-70-жылдары СССР менен АКШнын ортосунда Айды изилдөө боюнча катуу жарыш жүрүп, илим-изилдөө иштерине кыргызстандык окумуштуулар да катышкан. Москванын тапшырмасы менен Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Автоматика институту атайын бургулоочу аппарат иштеп чыкмак. Ал курамга Политехникалык институттун студенти Мурат Жуматаев да кошулуп, күчтүү окумуштуулар менен иштеген.
Техника илимдеринин доктору, профессор Жуматаев долбоор жашыруун болгондуктан ага катышкандарды атайын кызматтын өкүлдөрү катуу көзөмөлдөгөнүн айтат.
"Ал кезде Советтер Союзу жабык өлкө болчу. Россия азыр санкциянын алдында кантип иштеп жатса, ошондой эле иштечү. Жаңы техника, технологияларды эркин сатып ала албагандыктан көптөгөн илимий мекемелерди түзгөн. Бийлик аларга конкреттүү максаттарды коюп, каражат бөлүп берип, жылдын аягында жыйынтыгын сурачу. Биздин башыбызда академик Олег Алимов турган. Ал жылдары бул тармакта көбүнчө Россиядан келген орус окумуштуулары иштешчү, арасында жаңы чыгып келе жаткан Самудин Абдраимов, Жеңиш Усубалиев өңдүү кыргыз окумуштуулары бар болчу. КГБ ушундай жашыруун долбоорго катышкан адамдарды аябай катуу текшерчү. Мисалы, тууган-туушкандарыңдын, ата-энеңдин соттолбогонун, чет өлкөдө туугандарыңдын бар-жогун карачу. Катышууга уруксат берилгенден кийин кимдир бирөө биздин ишке кызыгып түрдүү суроолорду берсе, аларды сөзсүз кураторлорубузга айтышыбыз керек болчу. Айга байланыштуу изилдөөлөргө, технологияларга кызыккан тыңчылар көп эле. Союздук республикалардагы ири шаарлардагы ок, курал-жарак чыгарган жабык ишканаларга кирип иштегендиктен бизди чет өлкөгө такыр чыгарчу эмес. Маалыматтарды таратпоого убада беребиз деп документке кол коюп берчүбүз", — деди Жуматаев.
Илимпоздор түрдүү металлдын эритмелерин колдонуп көптөгөн сыноолорду жүргүзүп, соңунда жабдууну москвалык кесиптештерине өткөрүп берген. Ата мекендик окумуштуулардын эки жылдык мээнети кайтып, 1976-жылы ал аппарат "Луна 24" космостук станциясы менен бирге Айга конуп, Жер планетасынын спутнигин эки метрдей бургулап, изилдөө үчүн ал жактагы топурак, шагылдын үлгүсүн алып келген. Ошентип Советтер Союзу космосту өздөштүрүүдө атаандаштарынан алдыга озуп чыккан. Советтик адистер ал топуракты изилдеген соң жыйынтыктоочу маалыматтарды Америкага чоң акчага саткан.
Тема боюнча:
Кино — татаал турмуш. 40 жыл кинооператор болгон Абдыкулов менен видеомаек
Бир ГЭС бүтө электе экинчиси башталчу. Ардагер энергетик Иманалиевдин видеомаеги
Кемчилик кетсе Усубалиевден таяк жечүбүз. Экс-министр Орозалиев менен видеомаек