Баткенге учак каттамдары көбөйтүлүп, билет баасы бир аз арзандады

Облус башчысы жергиликтүү авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Баткенге учак каттамдары көбөйтүлүп, билет баасы бир аз арзандаганын облус башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.
Алимбаев TezJet авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолуккан.
Натыйжада Бишкектен Баткен шаарына жумасына 2 жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлмөй болгон.
Бишкек — Баткен багыты боюнча биринчи каттам 13-сентябрдан тарта башталат.
“Биздин облус өлкө борборунан эң алыс жайгашкандыктан жол маселеси бир топ эле көйгөй болуп келет. Алдыда кыш келе жатат. Ошондуктан борборго автоунаа менен жетүү биздин эл үчүн кыйын болуп саналат”, — деген президенттин аймактагы өкүлү.
Ал эми билеттин баасын 6 миң сомдон 5,5 миң сомго арзандатышкан.
“Авиакассалардын өздөрүнүн кошумча кызмат акысын кошкондо билеттин жалпы баасы 5750 сомго чейин болот. Андан 1 тыйын да ашпашы керек. Эгерде коюлган баадан ашса, анда жүргүнчү сөзсүз түрдө авиакомпанияга кайрылышы керек”, — деди Алимбаев.
Буга чейин аталган компания Баткен менен Раззаковдун каттамында чыгымдар көп болгондуктан билеттер кымбаттап кеткендигин түшүндүргөн.
Бишкектен Казанга авиакаттамдар көбөйтүлөт