Экс-саясатчылар №1 тергөө абагында кандай шартта кармалууда? Мониторинг жүргүзүлдү

Кызматкерлер Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдор кармалып жаткан камераларга барган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери № 1 тергөө абагына барып, кармалгандардын шарттары менен таанышты.
Кызматкерлер Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдор кармалып жаткан камераларды көрүшкөн. Бирок аларды сотко алып кеткендиктен жолугушкан эмес.
Жээнбековду биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушканы, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылат.
“Жээнбеков кармалган камерада муздаткыч, тамак жылытуу үчүн электр плиткасы, нан бышыргыч болгон. Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган жок, косметикалык оңдоодон өткөн. Имараттын тышындагы дубалда суу агып саргарып калган изи байкалат, бирок ички дубалдар кургак. Аталган камерда 5 адам кармалууда, бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берет. Кармалып тургандарды сурамжылоодо бардыгы мурда соттолбогон жарандар экени белгилүү болду”, — деп жазылган маалыматта.
Ал эми Жеңиш Молдокматов менен Кубанычбек Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган эмес.
Азимбек Бекназаров кармалган камера ”авариялык абалда” экени айтылат.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда камакта жаткандарды көчүрүүнү талап кылган.
УКМК абагында жаткан Кутманова менен Мадумаров оорулуу экенин айтышты