Таласка Россиядан 8 мугалим келип ишке киришти

Педагогдор орус тили жана адабияты, математика, география сабактарын окутат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Талас шаарына Россиядан сегиз мугалим келип ишке киришкенин калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта Россиянын Агартуу министрлигинин гуманитардык долбоорунун алкагында Талас шаарынын мэриясы менен Москва шаарынын билим берүү мекемесинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, келген педагогдор бир жыл бою сабак беришет.
"Мугалимдер төрт мектепке бөлүштүрүлгөн. Алар математика, георафия, орус тили жана адабияты сабактарынан беришет. Ошондой эле башталгыч класстын мугалими да бар", — деп айтылат маалыматта.
Долбоордун алкагында окутуучулар сабактардан тышкары ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүп, жергиликтүү мугалимдер менен тажрыйба алмашат.
Радио
БМУнун орус филологиясы факультетинин 44 жылдык тарыхы бар