Пресс-борбор

Sputnik агенттигинин журналисттери Тelegram-канал боюнча мастер-класс өтүштү

Кыргызстандык журналисттер студенттерге Telegram-каналды туура жүргүзүү боюнча кеңештерин беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Telegram-каналды кантип иштетүү керектигин Sputnik агенттигинин журналисттери SputnikPro мастер-классынын алкагында айтып беришти.
Журналист Бакыт Смаилов посттор кыска жана түшүнүктүү болушу керектигин белгиледи.
1 / 3

Telegram-каналды кантип иштетүү керектигин Sputnik агенттигинин журналисттери SputnikPro мастер-классынын алкагында айтып беришти

2 / 3

Журналист Бакыт Смаилов посттор кыска жана түшүнүктүү болушу керектигин белгиледи

3 / 3

Смаилов болочок журналисттерге Тelegram менен иштөөдө тексттерди маанисин жоготпой кыскартуу, окурмандардын баарына түшүнүктүү болгудай жөнөкөй тил менен берүү зарылдыгын кошумчалады

"Тelegram-каналга көңүлдү бурдурткан жана кызыктуу нерселерди жазыш керек. Катталган адам кайра чыгып кетпеши үчүн бир постту төрт сүйлөм менен берген жакшы. Аталышы адатта 80 белгиден ашпашы керек. Кээ бир ЖМКлар жаңылыктын аталышын "эки чакырым" сүйлөмдөр менен беришет. Мындайлар окулбайт. Так эмес, жалган маалымат камтылган аталыштарды дагы берүүгө болбойт", — деди Смаилов.
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков жаңылыктын аталышын туура түзүү керектигине өзгөчө көңүл бурду.
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков
"Канчалык жеңил болсо, ошончолук жакшы. "Короче" деген Тelegram-канал жаңылыкты бир сүйлөм менен эле берип коет. Адамга эмоция чакырган этишиңиз бар болсо ошону колдонуңуз. Аталышы окурмандын көңүлүн бурушу керек", — деди Алымбеков.
Смаилов болочок журналисттерге Тelegram менен иштөөдө тексттерди маанисин жоготпой кыскартуу, окурмандардын баарына түшүнүктүү болгудай жөнөкөй тил менен берүү зарылдыгын кошумчалады.
Пресс-борбор
Sputnik журналисти TikTok аккаунтту популярдуу кылуунун сырын айтып берди