Министрлик Kloop басылмасынан чыгарган материалын алып коюуну талап кылды

Мурда да Бишкек прокуратурасы тарабынан Kloop Media басылмасын жоюу туурасында демилге көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Kloop.kg сайтынан ЖКнын экс-депутаты Равшан Жээнбеков кыйноого кабылганы туурасында жазылган маалыматты алып коюшун талап кылат. Бул туурасында аталган министрликтин Маалымат саясаты башкармалыгынын жетекчиси Салкын Сарногоева билдирди.
Жетекчи УКМК министрликке эки маалыматты алып салуу боюнча кайрылуу келип түшкөнүн, анын бири четке кагылгандыгын айтты.
"Экинчи арыз ЖКнын экс-депутаты Равшан Жээнбеков кыйноого кабылды деген кабарга байланыштуу. УКМКдан мындай туура эмес маалымат ведомствонун беделин түшүрүп, иш репутациясына шек келтирет дешти. Арыз бизге келди, кабарды өчүрүү боюнча чечим кабыл алынды. Санариптик өнүктүрүү министрлигине маалыматты өчүрүүгө эки күн бергенибизди маалымдап, кат жөнөттүк. Эгерде Kloop талапты аткарбаса, анда жакынкы арада сайтты эки айга чектөө боюнча чечим кабыл алынат. Агенттикке бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдириши керек", — деген Сарногоева.
Эске салсак, мурда да Бишкек прокуратурасы Kloop Media басылмасын жоюу туурасында арыз берген. Көзөмөл орган Kloop Media мамлекеттик реестрге ЖМК катары катталбаганын, анын уставында маалымат таратуу функциясы жок экенин билдирген. Аны менен катар көзөмөл органы бийликти кескин сындады деп эсептеген материалдардын темасы көрсөтүлгөн.
"Азаттык" чуулуу материалын сайттан өчүрүп, сот иштери токтотулду