Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Маск Украинанын РФ флотуна жасаган чабуулун үзгүлтүккө учуратканын ачыктады

Ишкер "өкмөттөн" Starlink спутниктерин Севастополь багытында толук активдештирүү боюнча ыкчам сурам алганын жашырган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Америкалык ишкер, миллиардер Илон Маск 2022-жылы Крымдын жээгинде Starlink кызматынын ишин чектегени жөнүндө айтылгандарды четке какканы менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын Кара деңиз флотуна чабуул коюшуна тоскоолдук жаратканын танган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин CNN телеканалы Маск Крымдын жанында Starlink тараткан интернетти чектөөгө көрсөтмө берип, ал кадамы менен украиналыктардын россиялык флотко чабуул коюшун үзгүлтүккө учураткандыгын билдирген. Бул маалыматтар эми 12-сентябрда чыга турган ишкердин Уолтер Айзексон менен биргелешип жазган биографиясында айтылган.
"Белгиленген аймактарда Starlink иштетилген эмес. SpaceX эч нерсени деактивдештирген жок", — деп жазды Маск өзүнүн Х (мурдагы Twitter) социалдык тармагына.
Ишкер "өкмөт" тарабынан Starlink спутниктерин Севастополь багытында толук активдештирүү боюнча ыкчам сурам алганын бекемдеди. Алардын планында "россиялык флоттун арбын бөлүгүн якорь менен чөктүрүү" максаты көздөлгөндүгүн айтты.
"Эгерде алардын өтүнүчүн аткарып макул болсом, SpaceX ири согушка катышып, чатакты ырбатууга аралашып калмак", — деп белгилеген ал.
CNN телеканалы Маск "чакан Перл-Харборгго" Россия өзөктүк курал менен жооп берет деп тынчсызданганын белгилеген. Starlink өчүрүлгөндөн кийин жардыргычтарды жүктөп алган суу алдында жүрүүчү украиналык дрондор "байланышты жоготуп, жээкке чыгып калышкан".
Февралда Маск Starlink спутниктерин чатакты ырбатуу үчүн колдонууга жол бербей тургандыгын, бул үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келерин билдирген эле.
Starlink — планетанын кайсы гана жери болбосун кеңири жайылган интернетти берүүгө ылайыкталган кийинки муундун спутниктик байланышы.
Жакшылыкка алып келбейт. Маск АКШнын Украинага снаряддарды бергени боюнча айтты