Бишкекте линиядан алынат деген маршруткалар азырынча каттап турмай болду

Муниципалитет азырынча маршруткалардан толугу менен баш тарта албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте маршруттук таксилер шаар автобустар менен толук камсыздалганга чейин каттап турат. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.
№100, 105, 152, 195 жана 212 микроавтобустардын бир бөлүгү кайсы бир убакытка чейин эл ташый берет.
"Маршруткаларды толугу менен алып салуу процесси бүтө элек. Беш линияда бир нече микроавтобус жүрүп жатат. Анткени биз автобустардын санын түгөлдөшүбүз керек. Жеке компаниялардан маршруткалардын бир бөлүгүн калтырып коюуну сурандык", — деди вице-мэр.
Автобустун тилкесине кирип алгандар 2-сентябрдан тарта айыпка жыгылат