Умбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагына жетекчи болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Умбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Темиралиев 2022-жылдын сентябрынан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келген. Кечээ, 7-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Темиралиев иштен бошотулуп, анын ордуна Талантбек Иманов келген.
Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды