Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анын борбор калаадагы бардык автопарктарды тейлей турганы айтылат.
1 / 3

Бишкек шаарында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Анын борбор калаадагы бардык автопарктарды тейлей турганы айтылат

3 / 3

Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, министрлер кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи

Ошондой эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров Zhongtong компьютердик-томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышканы маалым болду. Унааны Кытайдын өкүлдөрү – Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Лин Ву жана элчи Ду Дэвэнь тапшырышты.
1 / 2

Ошондой эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров Zhongtong компьютердик-томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышканы маалым болду

2 / 2

Унааны Кытайдын өкүлдөрү – Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Лин Ву жана элчи Ду Дэвэнь тапшырышты

“Томограф суроо-талап жогору аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүгө жана борбордун алыскы райондорунда томографиялык изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ал сыноодон ийгиликтүү өтсө, кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карайт”, — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, министрлер кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи.
Кыргызстанга Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек, учурда борбор калаага 250 автобус келгенин өкмөттүн маалымат кызматы кошумчалады.
Бишкекте линиядан алынат деген маршруткалар азырынча каттап турмай болду