БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жашоочуларды ижарага батир берем деген жарыялардан абайлоого чакырды. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, ижарага батир берем деп түрдүү амалдарды колдонуп элди акчага алдап кеткен фактылар катталып, шектүүлөр кармалган.
"Окуу жылынын башталышы менен батир издеген студенттер көбөйдү. Мындан сырткары, ички, тышкы миграциядан улам убактылуу батир издегендер да арбын. Тилекке каршы, алардын айрымдары алдамчылардын капканына түшүп калууда", — деди Ош ШИИБден.
Милиция шылуундардын тузакка илчү амалдарын ачыктады:
интернетке батирдин сүрөтүн жарыялап, арзан баада сунуштап, ал үчүн онлайн акча которууну талап кылат. Батирди барып көрүп, ээси менен сүйлөшмөйүнчө каражат берүүдөн алыс болуу керек.
алдамчылар бирөөнүн батирин суткага же кыска мөөнөткө алып, аны кайра бир нече адамга убадалап, алдын ала баарынан акча алып качып кетет. Буга байланыштуу батирдин кимге таандык экенин тактап алуу маанилүү.
"Сиз ала турган батир ушул" деп алдап, батирдин алдына алып барып акчаңызды алып, үйгө кирерде ачкычын унутуп калганын айтат. Аны алып келүү үчүн кеткен бойдон кайтып келбейт.
"Батир ээси менен келишим түзүңүз. Анда тараптардын милдеттери көрсөтүлүшү керек. Батир ээси каалаган убакта түрдүү шылтоону айтып же кымбатыраак төлөгөн жарандар келсе үйдөн чыгарып жибербеши керек", — деди Ош ШИИБден.