Айбек Күрөңкеев "Мегакомдун" башкы директору болуп дайындалды

Электрондук коммерция ассоциациясын президенти Айбек Куренкеев
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн, 8-сентябрда, "Альфа Телеком" (Mega, мурдагы MegaCom) жабык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мамытов кызматынан алынып, анын ордуна Айбек Күрөңкеев дайындалды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Айбек Күрөңкеев 1984-жылы 8-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2002-2003 — Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар альянсы, долбоордун менеджери;
2003-2004 — Окуу-консалтинг борбору, финансылык консультант;
2004-2007 — "Ареопаг-Бишкек", финансы аналитиги, финансы менеджери;
2007 — M&P компаниясы, Душанбе (Тажикстан), финансы директору;
2007-2008 — "Шоро", Логистика департаментинин директору;
2008-2010 — ISR Consult, башчы;
2010-2014 — "Кыргызстан" мамлекеттик эмес топтоо пенсиялык фонду, башкы директор;
2014-2016 — "Кыргыз Телеком" ААК, "Бишкек шаардык телефон тармагы" филиалы, директор;
2017-2021 — "Байланыш операторлорунун ассоциациясы", аткаруучу директор;
2021-жылдын 1-августунан тарта — "Электрондук коммерция ассоциациясы", негиздөөчүсү, президент;
2023-жылдын 8-сентябрынан тарта — Mega, башкы директор.
Сыйлыктары:
Өлкөнү санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн президенттин Ардак грамотасы;
Электрондук сооданы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн экономика жана каржы министринин Ардак грамотасы;
өлкөнүн IT жана телекоммуникациялык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик байланыш министринин Ардак грамотасы;
Кыргыз IT-форумунун “Жылдын ачылышы: электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясынын диплому.
Альфа Телеком (ал кездеги MegaCom, азыркы MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов. Архив
Чыгымды төлөдү. MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты