Сталино шаарын баскынчылардан арылтууга 230унчу жана 301-аткычтар дивизиясынын аскерлери менен партизандар катышкан. Кармаш катуу болгон.
Фашисттер чегинип бара жатып шаарды өрттөп кеткендиктен бүтүн үйдү табуу мүмкүн эмес эле. Улуу Ата Мекендик согуш кээрин тарттырып, жүрөктү ооруткан сандарга көз таштасак, согушка чейинки 500 миң жашоочудан бошотулган Донецкиде болгону 17 миң адам калган. Өнөр жай ишканалары талкаланып, завод-фабрикалар жардырылган. Донбасста 300дөй шахта жардырылса, жер алдындагы 2000 чакырымдан ашык көмүр жай зыян тарткан.
Ал эми 1945-жылдын башында аймак кайрадан өзүнө келе баштаганын байкоого болот эле. Шахталардын төрттөн үч бөлүгүнүн иши жанданып, Донбасстын ири ишканалары мурдагы иш процессине акырындап кайта баштаган.
Тема боюнча: