Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Коомдук жайларда адамдын жүзүн жашырып жүрүүгө тыюу салган мыйзам бизге да керек. Бул тууралуу Шарапат Мажитова парламентте билдирди.
Депутаттын айтымында, акыркы убакта көздөрүн гана көрсөтүп, паранжа жамынгандар көбөйдү.
"Кечээ жакында Өзбекстандын мажилиси паранжага тыюу салган мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам бизге дагы керек. Себеби коопсуздукка залакасын тийгизиши мүмкүн", — деди эл өкүлү.
Ал Дин башкармалыгы көзөмөлгө алып, мамлекет тарабынан чара көрүлүшү керектигин айтты.
Төрага Шакиев: ЖК көз каранды эмес, депутаттар каалагандай сүйлөйт