Радио

Эксперт: ЖККУнун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл

Коомдук жана саясий ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) ролу тууралуу айтып берди.
Sputnik
ЖККУнун уставына заман талабына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖККУ билинбегени менен коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.
"ЖККУ коопсуздукту камсыздоо жаатында өз ролун аткарууда. Ошол эле террористтик, экстремисттик топторду сестентип турат. Биологиялык, химиялык жана башка коркунучтардын алдын алууда ролу жогору. Мунун баарына эбегейсиз каражат, күч кетет. Бирок ошол эле учурда ЖККУ 2021-2022-жылдарда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы окуяга өзүнүн пассивдүүлүгүн көрсөттү. Анын уставында түз кийлигишүүгө уруксат жок экени белгилүү. Мындан тышкары, кайсы бир өлкөдө саясий, аскердик төңкөрүш болуп кетсе, ага дагы ЖККУ кийлигише албайт. Анткени уставында мындай пункт жок. Учурдагы террористтик, экстремисттик тобокелдиктердин күч алып жатканын эске алып, саясий-социалдык абалды талдап ЖККУнун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл", — деди Медетбеков.
Ошондой эле ал ЖККУнун линиясы менен Кыргызстанга аскердик техника, курал келип, окутуу-машыгуулар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.