Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулуп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчынын башка жарлыгы менен бул кызматтагы Умбриэль Темиралиев иштен кетти.
Иманов министрликти өткөн жылдын январь айынан бери, Темиралиев 2022-жылдын сентябрынан тарта улуттук агенттикти жетектеп келген.
Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды