БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Кудайберген Базарбаев
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Садыр Жапаровдун жарлыгы менен эми аталган министрликти убактылуу саламаттык сактоо министри болуп турган Гүлнара Баатырова жетектейт.
Ал эми саламаттык сактоо министринин милдети Алымкадыр Бейшеналиевге жүктөлдү.