Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Иманалиев Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.
Депутат Көкүловдун министр Иманалиевдин кабинетиндеги чыры. Видео