БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Убагында эмдөөдөн өтүү — көптөгөн инфекциялык ооруларды алдын алуунун бирден-бир жолу. Бул тууралуу Кызыл Ай коомунун иммунизация жаатындагы адистери Нурбүбү Керимова менен Гулира Маткурбанова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
“Мисалы, кызамык менен ооруп калган бир эле адам анын жайылышына жетиштүү. Ошон үчүн өзүңдү жана жакындарыңды оорудан коргоо үчүн вакцина алуу керек. Адамдар көбүнчө вакцинанын курамында зыяндуу заттар бар деген мифтерге ишенип алып эмдөөдөн баш тартат. Чындыгында анда коркунучтуу эч нерсе жок, болбойт дагы. Бардык вакциналар тыкыр текшерүүдөн өтүп, керектүү шарттарда сакталат”, — деди Маткурбанова.
Кызыл Ай коомунун адистери ошондой эле ата-энелерге да кайрылып, балдардын эмдөө календарына карата вакцина алып туруу зарылдыгын эскертти.
“Көбүнчө жаш энелер вакцина тууралуу фейк маалыматтарды окуп алып балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан учурлар кездешет. Бирок эмдөө гана балаңызды келечекте коркунучтуу оорудан сактай алат. Баланын иммунитетин жакшыртуу үчүн алгачкы, андан кийинки жана кайрадан эмдөөлөрдү алыш керек. Муну менен балаңызды бала бакчага же мектепке даярдаган болосуз. Анткени балдар жугуштуу ооруларды негизинен ушул мекемелерден жуктуруп алышы мүмкүн”, — деп билдирди Керимова.