Аткаминер кызматынан көтөрүлүп, бир суткадан кийин кайра ордуна барды

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Айбек Мамыралиев кечээ күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Ал орун басар кызматынан көтөрүлгөн болчу. Бирок бүгүн кайра өзүнүн ордуна барды (орун басар). Ал эми мекемени Акылбек Жапаровдун дагы бир тескемеси менен Гүлшат Асылбаева жетектемей болду.
Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды