ЖККУнун Кыргызстанда өтө турчу биргелешкен машыгуусуна даярдык талкууланды

ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстандын бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуп, уюмдун республикада өтө турган "Бузулбас боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусуна даярдык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда машыгуудан тышкары ЖККУнун 2023-жылдын аягына чейин пландалган иш-чаралары тууралуу сөз болгон. Мындан тышкары, регионалдык коопсуздуктун, азыркы жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруунун, Кыргызстандын ЖККУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болду.
Ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстандын бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушкан.
Буга чейин ЖККУнун машыгуусу Арменияда өтөрү айтылган болчу. Эмне себептен улам Кыргызстанда өтөрү тууралуу кененирээк билип алыңыз.
ТИМ башчысы: Кыргызстан ЖККУ алкагында пайдалуу кызматташууга кызыкдар