Радио

Эксперт: туризмге карата көз карашты өзгөртүүгө мезгил жетти

Бренддөө, туризм боюнча серепчи Максат Чакиев өлкөгө туристтерди тартууда санына маани берилип келгенин белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанга кедей туристтер келүүдө. Ошондуктан байларын тартууга басым жасай башташ керек. Мындай пикирин Максат Чакиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, массалык туризм экологияга терс таасирин тийгизе баштады.
"Өлкө туризм багытында дагы деле стартап позицияда турууда. Мындан 10-15 жыл мурда туристтердин саны көп болгонуна кубансак, эми алардын сапатын жакшыртууга көңүл буруу керек. Анткени Кыргызстанга негизинен кедей туристтер келүүдө. Алар ашып кетсе 500 доллардын тегерегинде акча сарптап, өлкөгө аз каражат калтырууда. Ал эми бай туристтер Түркияга, Европага, АКШга, Кореяга ж.б. өлкөлөргө кетип жатат. Ошондуктан Ысык-Көлдө массалык туризм үчүн чектөө киргизүү зарыл. Маселен, Түркия массалык туризм үчүн Анталияны, ал эми элиталык туризм үчүн башка аймактарды сунуштоодо. Ал жактарда байларга ылайыкталган кызматтар сунушталып, баа дагы кымбат. Биз дагы 4-5 миллион туристтин артынан кубалабай, беш миң миллионерди тартууга аракет кылуубуз керек. Алардын ар бири 500 миң, миллион долларга чейин таштап кетиши ыктымал. Ал үчүн инфраструктураны жакшыртып, көз караштарды өзгөртүү зарыл. Болбосо дагы 32 жыл убакыт стартап позициясында калып кетебиз. Ал эми массалык туризм экологияга терс таасирин тийгизүүдө", — деди Чакиев.
Ошондой эле ал учурдагы туризм жан багуу багытында болуп жатканын кошумчалады.
Эксперттин маегин толук окуй аласыздар.