Октябрда Россияда "Антиконтрафакт-2023" форуму өтөт. Кеңири маалымат

"Антиконтрафакт" форуму — евразиялык интеграциялык күн тартибинин ажырагыс бөлүгү.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 5-6-октябрда Санкт-Петербургда XI "Антиконтрафакт-2023" эл аралык форуму болуп, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторун контрафактыдан, фальсификаттан коргой турган бир нече маселелер талкууланат.
ЕЭКтин маалымат кызматы негизги максат мыйзамдарды колдонуу боюнча идея, тажрыйба алмашуу, ЕАЭБ өлкөлөрүндө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун калыптандыруу үчүн ийгиликтүү долбоорлорду көрсөтүү экенин айтты. Биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу негизги милдеттердин бири болгонун кошумчалады.
Иш-чарада жогоруда айтылгандардан сырткары заманбап санариптик механизмдерди, маркалоону, көзөмөлдөө тутумдарын киргизүү, стандартташтыруу жана сертификациялоо чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун мыкты тажрыйбалары менен алмашуу талкууланмакчы. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо темасы да көтөрүлөт.
Форумдун ишкер программасынын алкагында ЕЭКтин, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын, кесиптик ассоциациялардын, бизнестин өкүлдөрү пленардык отурумдарга, дискуссиялык сессияларга, көргөзмөлөргө катышмакчы.
"Антиконтрафакт" форуму евразиялык интеграциялык күн тартибинин ажырагыс бөлүгү.
Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, иш-чара коомчулуктун, бизнестин жана мамлекеттик органдардын көңүлүн контрафактылык товарларды жайылтууга каршы күрөшүү көйгөйлөрүнө тартууга мүмкүндүк берет.
"Антиконтрафакт" форуму ЕАЭБ органдарында төрагалык кылган мамлекетте жыл сайын кезек менен өтүүчү биримдиктин ишкердик иш-чарасы. 2023-жылы ЕАЭБге Россия төрагалык кылып жаткандыктан Петербургда болмокчу.
Эске салсак, эл аралык биринчи "Антиконтрафакт" форуму 2012-жылы Москвада, кийин Казакстанда, Беларуста, Арменияда, Кыргызстанда өткөн.
Форумга катышуу акысыз. Катышуучуларды каттоо 2023-жылдын 21-сентябрына чейин жүргүзүлөт. Кененирээк маалымат менен иш-чаранын сайтынан таанышууга болот.
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду