БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 1-сентябрдан тарта Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аймакта мындан ары уюлдук телефонго 2 ГИС мобилдик тиркемени көчүрүп алуу менен Нарын облусунун картасын ачып, издеген даректи навигатор менен таап алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул демилге туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен ишке ашканы айтылды.
"Бул боюнча тиешелүү иштер президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын кызматкерлери менен 2 ГИС компаниясынын өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусунун натыйжасында төрт айда жасалып бүттү", — деп билдирген облустук администрациянын маалымат кызматынан.
Аталган башкармалыктын жетекчиси Шабдан Абдырайым уулу билдиргендей, Нарын облусунун маалымат сервиси 1-сентябрдан баштап толугу менен ишке кирди.
"Картада облустагы бардык даректер, объектилер, туристтик жайлар, транспорт каттамдары, жол чийиндери, жол белгилеринен бери камтылды. Жумуш көлөмдүү болгонуна карабай аз убакытта натыйжалуу бүткөрүлдү", — деген Абдырайым уулу.